РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын-3-сентябрындагы, № 422-б (Акча каражат бөлүүнү жөнүндө) буйругу

Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын-3-сентябры, № 422-б

Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Мойынкум районунда (Алматы - Екатеринбург автотрассасында) 2015-жылдын 7-августунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 290000 (эки жүз токсон миң) сом төмөнкү өлчөмдөрдө бөлүнсүн:

- 50 000 (элүү миң) сомдон каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө: Эркабаев  Даниярбек  Акматжановичтин,  Молдалиева Гулимкан Сатыбалдиевнанын, Жаанбаев Исламбек Акжоловичтин. Атамирзаева Гульбайра Бекмирзабаевнанын,

- 30 000 (отуз миң) сомдон жабыр тарткан жарандарга:

Адилбек уулу Канатбекке, Батыркулов Акжолго, Жусуп кызы Гулзинага.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев