КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-ноябры, №577-б
Кыргыз Республикасынын улуттук маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө жана даңазалоого кошкон эбегейсиз салымын эске алуу менен СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтакунова Самарбүбүгө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |