Редакцияот 27.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 27-ноябры № 576-б

Маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымын жана сиңирген эмгегин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын эл акыны Тургунбаев Сүйөркулга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 50 000 (элүү миң) сом бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев