Редакцияот 27.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 27-ноябры № 575-б

Чүй облусунун Токмок шаарында 2015-жылдын 8-ноябрында болгон кырсыктын кесепетинен кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон Токмок шаардык ички иштер органынын милициянын кайгуул-күзөт кызматы полкунун кызматкери, Абдрахманов Тынчтык Карымшаковичтин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев