КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-ноябры № 564-б
1. МС4.01/14 - Орто Азиядагы CRIS № NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку кооптуулуктагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын башкаруу жана ремедиациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа союзунун ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорунун расмий тилдеги тиркелген долбоору (расмий эмес котормо) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине жогоруда аталган Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюу укугу берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |