КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 26-ноябры № 573-б
1. Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы "Борбордук Азия изилдөө жана билим берүү тармагы 3 (CAREN 3)" программасы боюнча финансылык келишимдин расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине жогоруда аталган Каржылоо макулдашуусуна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |