Редакцияот 19.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 19-ноябры № 524

Көп жылдык ак эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (ысмы жазылган саат) менен сыйланышсын:

Мырзаибраимов Пайзилла Кочкорович

-

Ош облусундагы Араван районундагы агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Кайдулатов Бейшенбек Кенжеевич

-

Кыргыз Республикасыньн Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин Ысык-Көл суу чарба бассейндик башкармалыгынын начальниги;

Эшиев Турдумамбет Бурканович

-

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районундагы агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев