КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр 2015-жылдын 26-августу № 131 (Ведомстволор аралык комиссия курамы түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 26-августу № 131
Электр энергиясына өздүк наркты эсептөө жана тарифтерди белгилөө тартибин аныктоо максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ терт айлык мөөнөттө:
- электр энергаясына тарифтерди түзүүнүн жана эсептөөнүн дүйнөлүк тажрыйбасын иликтесин;
- жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Электр энергаясына тариф түзүү методологиясынын (мындан ары - Методология) долбоорун иштеп чыксын;
- Методологиянын долбооруна коомдук, анын ичинде илимий чөйрөнүн, энергетикалык компаниялардын жана калктын арасында талкуу жүргүзүү боюнча ишти уюштурсун.
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди анын ичинде акы төлөө негизинде ишке тартууга;
- эксперттик жумушчу топторду түзүүгө.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топту уюштуруу-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Элебаев Н.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Садыков Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Куйкеев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Маматканов Д.М. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору; |
Омурзаков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары; |
Эралиева Н.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Акеров М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын инспектору (макулдашуу боюнча); |
Оморов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн эксперти; |
Татиков Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын транспорт, байланыш, отун-энергетикалык комплекс жана туризм бөлүмүнүн башчысы; |
Кожошева Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин институттук кайра түзүүлөрдү колдоо башкармалыгынын монополияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Шустикова Л,Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин товар базарларын талдоо жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы; |
Абдырасулова Н.А. | - | эксперт, «Юнисон» коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Кулумбетов Ж.Е. | - | эксперт, «Юнисон» коомдук фондунун электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагынын директору (макулдашуу боюнча); |
Калмамбетов А.И. | - | «Energy Links» долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Атанов С.И. | - | «Energy Links» долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Касымова В.М. | - | эксперт, э.и.д., И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Экономика жана бизнес», «Электр менен жабдуу» кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Энергия» энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун директорунун орун басары; |
Акматов О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Энергия» энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун улук илимий кызматкери; |
Куржумбаева Р.Б. | - | эксперт, т.и.к., И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Электр менен жабдуу жана энергияны үнөмдөө» кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча); |
Кравцов Н.Л. | - | эксперт, «Юстин» коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кудайкулов М.К. | - | эксперт, э.и.д., Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин экономикалык теориялар кафедрасынын алдындагы Экономикалык жана демографиялык изилдөөлөрдүн аналитикалык борборунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Усенбекова А.Т. | - | «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коомунун пландоо-экономикалык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Джумалиева Э.Н. | - | «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун пландоо-экономикалык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Нарбаева С.Т. | - | «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун финансы-экономикалык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Канагатов А. | - | «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун пландоо-экономикалык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Карыпбеков К. | - | «Ош электр» ачык акционердик коомунун пландоо-экономикалык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Какенов С.С. | - | «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). |