Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 1-февралы № 37-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 389-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 389-б буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Координациялык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;