Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 29-январы № 54
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасында Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык кеңеш (мындан ары - Ведомстволор аралык кеңеш) төмөнкү курамда бекитилсин:
- кызмат орду боюнча:
экономика маселесин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика министри, Ведомстволор аралык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Ведомстволор аралык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;