Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

2016-жылдын 16-январы № 20

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясы) түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:

Сагындыков Турат Арстанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Мадяров Тимур Мысырович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ыкчам иликтөө башкармалыгынын начальниги;

Дуйшеналиев Марат Абасбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) тергөө башкармалыгынын начальниги;

Самсалиев Абдилбек Асанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) уюштуруу-инспектордук жана укуктук иштер бөлүмүнүн начальниги.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 26-июнундагы № 288 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев