Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-октябрындагы N 688 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 22-марты № 139

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланылышын камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу жөнүндө жобонун 4-пунктуна ылайык:

1. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Байкоочу кеңештин жаңы курамынын биринчи жыйынына даярдык көрсүн жана аны өткөрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 28-февралындагы № 70 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ

Джаныбеков А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

Садырбеков А.С.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;

Акматов Ч.Ш.

-

Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн начальниги;

Родни Ступарик

-

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

Баялиев К.А.

-

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Карыбаев Ж.А.

-

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Шаршеев Р.А.

-

Ысык-Көл облусунун Түп райондук жергиликтүү кеңешинин биргелешкен жыйынынын депутаты (макулдашуу боюнча);

Абыкеев М.А.

-

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Алымбаев К.И.

-

Каракол шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Сулайманов Б.Т.

-

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Өнүктүрүү фондунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Касымов У.К.

-

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Калмакиев А.Т.

-

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Тельтаева С.Т.

-

"Ысык-Көлдү өнүктүрүү" коомдук уюмунун президенти (макулдашуу боюнча);

Ибраева А.С.

-

"Жети-Өгүз айымы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).