Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 4-апрели № 154
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 "Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- эки жумалык мөөнөттө ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан негизсиз текшерүүдөн аларды системалуу укуктук коргоонун моделин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан негизсиз текшерүүдөн аларды системалуу укуктук коргоонун моделин ишке киргизүү үчүн керектүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22 жана 23-беренелеринин талаптарын аткаруу менен ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды зарылдыкка жараша, белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча керектүү маалыматты ыкчам тартипте беришсин жана анын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топко жүктөлгөн миссияны аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн анын ишине эл аралык донорлорду тартсын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана коррупцияга каршы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |