Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 6-апрели № 160
Мамлекеттик органдардын (кызмат адамдардын) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченем жаратуу ишинин маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна талдоо жүргүзүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- эки айлык мөөнөттө:
мамлекеттик органдардын (кызмат адамдардын) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченем жаратуу ишинин маселелерин жөнгө салуучу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн;
ченем жаратуу чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаны изилдеп чыксын;
жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине киргизсин;
- Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана башка эл аралык уюмдар менен ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин колдоону камсыздоо маселесин иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик башка органдардын кызматчыларын, көз карандысыз эксперттерди жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |