Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 8-апрели № 151-б
Радиациялык апааттардын жана кырсыктардын айынан жапа чеккен адамдарды социалдык коргоону камсыз кылуу максатында, 2016-жылдын 26-апрелин Радиациялык авариялардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү катары белгилеп жана Чернобыль атомдук электростанциясында (мындан ары - Чернобыль АЭС) болгон авариянын 30 жылдыгына байланыштуу:
1. Республикалык бюджеттин каражатынан бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнсүн (мындан ары - жөлөкпул):
- Чернобыль АЭСиндеги жана башка жарандык же аскердик багыттагы ядролук объекттердеги радиациялык авариялардын жана алардын кесепеттеринин, ошондой эле ядролук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрүнө, анын ичинде ядролук куралга байланышкан сыноолордун, машыгуулардын жана башка иштердин натыйжасында майып болгон адамдарга - 30000 (отуз миң) сом өлчөмүндө;
- 1986-1989-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу иштерине тосулган зонанын чектеринде катышкан же бул мезгилде Чернобыль АЭСиндеги эксплуатациялоодо же башка иштерде иштеген (анын ичинде убактылуу же иш сапарга жиберилген) адамдарга, ошондой эле бул мезгилде жайгашкан жерине жана аткарган иштерине карабастан жогоруда көрсөтүлгөн авариянын кесепеттерин жоюуга байланышкан иштерди аткарууга атайын чакыртылган жана тартылган аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө, ошондой эле 1986-1989-жылдарда тосулган зонанын чектеринде кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамынын адамдарына - 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, Чернобыль АЭСиндеги аварияда дуушарланган оорудан каза болгондордун, 1986-1989-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан каза болгон майыптардын жана катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө - 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө.
2. Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кыйроонун кесепеттеринен жапа чеккен адамдарга бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөөнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары - Тартип).
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жөлөкпулду төлөө үчүн акча каражатын бөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ушул буйруктун 2-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык жөлөкпулду төлөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы жөлөкпулду өз учурунда төлөөнү камсыз кылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |