КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 17-майы № 280
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 23-августундагы № 474 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын балансында турган куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды тиешелүү түрдө эсепке алууну, сактоону жана эсептен чыгарууну текшерүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2016-жылдын 31-декабрына чейин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын балансында турган куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды тиешелүү түрдө эсепке алууну, сактоону жана эсептен чыгарууну текшерсин (инвентаризацияласын);
- курал-жаракты эсепке алуу, сактоо, пайдалануу жана эсептен чыгаруу боюнча иштерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 23-августундагы № 474 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине көмөктөшсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ