Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 19-майы № 222-б
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча көрүлүүчү чараларды координациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- уюштуруу комитетинин компетенциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну координациялоо кире тургандыгы;
- чечимдерди кабыл алуу уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырыла тургандыгы. Добуштар тең болуп калган учурда уюштуруу комитетинин төрагасынын добушу аныктоочу болуп саналаары;
- уюштуруу комитетинин чечимдери протоколдор менен таризделе тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча облустук, райондук жана шаардык уюштуруу комитеттерин түзүшсүн жана анын иштерин жетектешсин;
- уюштуруу комитетинин чечимдерин милдеттүү түрдө аткарышсын;
- облустук, райондук жана шаардык уюштуруу комитеттерине туруктуу өз ара байланышты камсыз кылышсын жана практикалык жардам көрсөтүшсүн;
- облустарга, райондорго, шаарларга карата жүргүзүлгөн иштер жөнүндө уюштуруу комитетине жума сайын маалымат берип турушсун.
4. Уюштуруу комитетинин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги аныкталсын.
5. Өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн жеке жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары тарта тургандыгы белгиленсин.
6. Уюштуруу комитетине белгиленген тартипте төмөнкү укуктар берилсин:
- зарыл болгон учурда тийиштүү мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин адистерин ишке тартууга, коюлган милдеттерди чечүү үчүн эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
- өзүнүн чечими менен иш-чаралар пландарын, уюштуруу комитетинин жана эксперттик (жумушчу) топтордун иштери жөнүндө жоболорду бекитүүгө, аталган иш-чараларды ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актынын (актылардын) долбоорлорун иштеп чыгууга;
- уюштуруу комитетинин чечимдерин аткарбаган адамдарга карата тартиптик таасир көрсөтүү чараларын колдонуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тескөөчү вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"РПО РМТР" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз улуттук "Кабар" маалыматтык агенттигинин башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары;
"Медиа Холдинг "Пирамида" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Пятый канал" жабык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактору;
"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактору;
"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 362-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ