Редакцияот 11.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2019-жылдын 28-январындагы № 27 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 11-августу № 456

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 30-мартындагы № 140 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын коллегиясы төмөнкү курамда бекитилсин:";

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын коллегиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Исмаилбеков Улан Болотбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;

Турсуналиева Ырыс Турсуналиевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги;

- коллегиянын курамынан Исаев С.Э., Алыбаев С.Т. чыгарылсын.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков