Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 21-сентябры № 518
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2016-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө укук коргоо органдарын реформалоого багытталган ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте төмөнкүдөй укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин, ошондой эле өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттерин өзүнүн ишине тартууга;
- эксперттик чакан топторду түзүүгө.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 30-июнундагы № 355 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2016-жылдын 5-августундагы № 143 буйругу.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |