Редакцияот 25,10,2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 25-октябры № 461-б

2016-жылдын 4-6-ноябрында Таиланд Королдугунун Бангкок шаарында өтүүчү парламентарий-аялдардын жана министр-аялдардын 11-конференииясынын ишине катышуу үчүн:

1.Кыргыз Республикасынын   делегациясы   тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 2-7-ноябрында Таиланд Королдугуна командировкага жиберилсин.

3. Суткалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилеө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

 

Тиркеме

2016-жылдын 4-6-ноябрында Таиланд Королдугунун Бангкок

 шаарында өтүүчү парламентарий-аялдардын жана министр-

аялдардын 11-конференциясынын ишине катышуучу Кыргыз

Республикасынын делегациясынын

 курамы

 

 Кудайбердиева Гульмира

 Каримовна*

Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри, делегациянын

башчысы:

 

 Бабалиева Зарина

Зоотбековна

Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти.

 

 

Тиркеме:

(*) - суткалык чыгымдардан тышкары, командировкалык чыгымдар чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт.