Редакцияот 11.11.2016.
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУГУ

2016-жылдын 11-ноябры № 598

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын делегацияларынын 2016-жылдын 14-17-ноябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өтө турган жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жѳнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен тѳлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын

ортосундагы мамлекеттик чек араны

демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын

делегацияларынын 2016-жылдын 14-17-ноябрында Казакстан

Республикасынын Алматы шаарында өтө турган жолугушуусуна

катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын

курамы

 

Искандаров К.А.

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;

Катанаев А.Г.

-Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору, жумушчу топтун жетекчиси;

Касмалиев А.К.

-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;

Момбеков А.А.

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Ботобаев К.К.

-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Жакыпов Б.М.

-Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын башкы инженери;

Махмутов Р.А.

-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери;

Иманалиев М.Б.

-Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин атташеси;

Мандычев Н.И.

-Кыргыз Республикасынын Өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын экспедиция начальниги.