Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-ноябры № 473-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо" долбоорун ишке ашыруу жѳнүндө алмашуу катынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган алмашуу катына. принциптүү эмес мүнөздөгү ѳзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Улуу Даражалуу,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан төмөнкүдөй мазмундагы Сиздин катыңызды алганымды ырастайм:
«Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жѳнүндө макулдашууга (мындан ары -Макулдашуу) ылайык достук талкуудан кийин эки Тарап тѳмѳнкүлөр тууралуу макулдашкандыгын ырастайм:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү «локализация» модели боюнча «Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо» долбоорун (мындан ары - Долбоор) ишке ашырууга макулдугун берген. Долбоорду ишке ашыруунун негизги мазмунун Кыргыз Республикасынын 4 (Баткен, Ысык-Көл, Чүй жана Талас) облустарында жайгашкан 6 сугат участокторунда ирригациялык системасын жарым-жартылай реконструкциялоо жана куруу иштерин жүргүзүү түзөт.
2. Кытайлык Тарап Долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды бөлүү, тышкы көзөмөл жүргүзүү жана каражаттарды башкаруу максатында Долбоорду башкаруу боюнча кытайлык компанияны жөнөтүү милдеттерин өзүнө алат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн кытайлык Тараптан берилген каражат 214.75 миллиондон ашпаган кытай юанын түзөт. Долбоорду башкаруу боюнча кытайлык компаниянын тийиштүү чыгымдары 28.16 миллиондон ашпаган кытай юанын түзөт. Долбоорду ишке ашырууга карата жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдар 2013-жылдын 11-сентябрында жана 2014-жылдын 17-июлунда Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууларда каралган акысыз жардамдан жумшалат.
3. Кыргыз Тарап Долбоорду ишке ашырууну уюштуруу жана Долбоорду ишке ашырууну кезөмөлдөө үчүн уюмду өз алдынча жөнөтүү, тендер өткөрүү жолу аркылуу кытай Тараптан сунушталган кытайлык ишканалардан Долбоорду ишке ашыруу үчүн аткаруучу компанияны аныктоо, долбоордук документацияны түзүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Долбоордук документацияны даярдоого, тендерди уюштурууга, көзѳмөлдөө үчүн уюмду жөнөтүүгө ж.б. карата тийиштүү чыгымдар кыргыз Тараптан жабылат. Тендер аяктагандан кийин кыргыз Тарап тендерде женип чыккан аткаруучу - кытай компаниясы менен курулуш жөнүндө контракт түзөт. Эгерде долбоорду ишке ашыруунун чыгымдары контракттын жалпы наркынан жогору болуп кетсе, кошулган сумма кыргыз Тараптан жабылат Долбоорду аяктоого жана кабыл алууга чейин кыргыз тарап «Кытайдын жардамы» белгисин орнотуп, кытайлык тараптан үгүттө боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүгө жардам керсөтүшү керек.
4. Долбоорду башкаруу боюнча кытайлык компания Долбоордун тендери, курулуш иштери, финансы каражаттарын которуу боюнча зарыл болгон көзөмөл ишин жүргүзүугө байланыштуу милдеттенмелерди ѳзүнө алат. Кыргыз тарап долбоордун графигинин негизинде каражаттарды которууга ѳтүнмө берет, Долбоорду башкаруу боюнча кытайлык компания тарабынан өтүнмө ырасталгандан кийин Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү кытайлык тараптын аткаруучу-компаниясынын улуттук эсебине сумманы түздөн-түз которот. Кытай Өкмөтү Долбоорду башкаруу боюнча кытайлык компаниянын тийиштүү чыгымдарына бир жолку төлөмдөрдү жүргүзөт.
5. Макулдашуунун 9 жана 10-беренелерине ылайык, Кыргыз тарап кытайлык аткаруучу-компаниясын жана анын Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн персоналын киреше салыгынан, камсыздандыруу төгүмдөрүнѳн бошотот жана жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле Долбоорду ишке ашыруу учурунда кытайлык персонал тарабынан долбоорду ишке ашыруу жана тиричиликте колдонуу үчун алып келинген товарларды бажы алымдарынан, салыктардан жана башка жыйымдардан бошотот.
6. Жогоруда аталган долбоорду ишке ашырууга байланышкан конкреттүү маселелер Эки тараптан белгиленген органдардын ортосундагы Долбоорду ишке ашыруу жөнүндѳ кошумча протоколдо каралат.
Эгер Сиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда баяндалгандарды жооптуу кат менен ырастай турган болсоңуз, Улуу Даражалуу, ушул жана берүүчү жооп катыңыз Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзөт.
Терең урматтоо менен,".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Сиздин катыңыздын жогоруда баяндалган текстине макул экендигин ырастайм.
Ушуга байланыштуу, Улуу Даражалуу, Сиздин катыңыз жана ушул жооп кат менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзөт.
Терең урматтоо менен,