Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 29-августу № 490
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2016-жылдын 27-августунда болгон ѳрттγн натыйжасындагы кайгылуу окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтγнγн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги γчγн 390000 (γч жγз токсон миң) сом бѳлγнсγн, анын ичинен:
- 228750 (эки жуз жыйырма сегиз миң жети жγз элγγ) сом Кыргыз Республикасына Москва шаарынан (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын 14 (он тѳрт) сѳѳгγн даярдоо жана жеткирγγ боюнча чыгымдарды жабууга;
- 161250 (жγз алтымыш бир миң эки жγз элγγ) сом жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын γч жараны Калбай кызы Кызбуракка, Кадыржанов Нурмухамед Абдулазизовичке жана Исраил уулу Уларбекке материалдык жардам кѳрсѳтγγгѳ.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |