Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 31-октябры № 471-б
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Кытай Эл Республикасынын Ѳкмѳтγнγн ортосундагы кайтарымсыз грант берγγ γчγн техникалык-экономикалык кызматташтык жѳнγндѳ макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда кѳрсѳтγлгѳн Макулдашууга принциптγγ эмес мγнѳздѳгγ ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Кытай Эл Республикасынын
Ѳкмѳтγнγн ортосундагы кайтарымсыз грант берγγ γчγн техникалык
экономикалык кызматташтык жѳнγндѳ макулдашуу
2015-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Кытай Эл Республикасынын Ѳкмѳтγнγн ортосундагы эки тараптуу техника-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жѳнγндѳ макулдашууга ылайык, эки ѳлкѳнγн ортосундагы достук мамилелерди жана техника-экономикалык кызматташтыкты андан ары ѳнγктγрγγ жана бекемдоо максатында. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жана Кытай Эл Республикасынын Ѳкмѳтγ (мындан ары - Тараптар) тѳмѳнкγлѳр тууралуу ушул Макулдашууну тγзγштγ:
1- берене
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн суроо-талабына ылайык, Кытай Эл Республикасынын Ѳкмѳтγ "Бишкек шаарынын кѳчѳ-жол тармагын ѳнγктγрγγ" долбоорун ишке ашыруу γчγн жалпы суммасы 300 (γч жγз) миллион кытай юанын тγзгѳн кайтарымсыз грантты Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ берет. Конкреттγγ маселелер Тараптар кошумча кол коё турган Макулдашууда караштырылат.
2- берене
Кыргыз Республикасынын "РСК Банк" ачык акционердик коому жана "Кытайдын мамлекеттик ѳнγктγрγγ банкы" акционердик коому № 2016/1-грант кытай юанында гранттык эсепти башка Тараптын атынан ачышат, ал пайыздарды жана жыйымдарды эсептебестен иштейт. "Кытайдын мамлекеттик ѳнγктγрγγ банкы" акционердик коомунун операциялардын регламенти боюнча гранттык каражаттарды колдонууда банктык эсеп жол-жобосу жγргγзγлѳт жана Тараптарга бул эсепти пайдалануунун абалы жѳнγндѳ мезгили менен кабарланып турат.
3- берене
Ушул Макулдашуу кол коюлган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык милдеттенмелерди эки Тарап толук аткарганга чейин колдонулат.
Бишкек шаарында 2016-жылдын "___" ноябрында эки тγп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде тγзγлдγ, мында бардык тексттер бирдей юридикалык кγчкѳ ээ.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ γчγн
| Кытай Эл Республикасынын Ѳкмѳтγ γчγн
|