Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 31-октябры № 467-б
1. Далянь шаарында 2011-жыддын 14-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуу жѳнγндѳ макулдашууга ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу протоколдун долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик
кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик
башкармалыгынын ортосундагы Интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуу жѳнγндѳ
макулдашууга ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу
протокол
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик башкармалыгы,
интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында эки тараптуу кызматташтыкты андан ары чындоонун маанилγγлγгγн таанып,
Мындан ары "Макулдашуу" деп аталуучу Далянь шаарында 2011-жылдын 14-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуу жѳнγндѳ макулдашууну жаңы жобого ылайык жанылоонун зарылдыгын тγшγнγγ менен,
Макулдашуунун 6-беренесине ылайык Тараптар Макулдашууга тѳмѳнкγлѳр жѳнγндѳ ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ тууралуу макулдашты:
1- берене
Макулдашуунун аталышындагы жана бγткγл тексти боюнча ар тγрдγγ жѳндѳмѳдѳгγ "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы" деген сѳздѳр тиешелγγ жѳндѳмѳдѳ "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы" деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.
2- берене
Макулдашуунун 2-беренесинде:
- алтынчы абзац "патенттик маалымат кызмат кѳрсѳтγγлѳрγ" деген сѳздѳрдѳн кийин ", инновациялык менеджмент" деген сѳздѳр менен толукталсын;
- тѳмѳнкγдѳй мазмундагы жаны абзацтар менен толукталсын:
"- интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу маселелери, Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун (ТИКБ) тармактарын ѳнγктγрγγ боюнча маалымат алмашуу:
- инновациялык менеджмент γчγн жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу маселелери боюнча кадрларды даярдоодо жана кайра даярдоодо адистердин биргелешкен стажировкаларын уюштуруу:
- интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууда ойлоп табуучуларга жана ишкерлерге кѳмѳктѳшγγ;
- жергиликтγγ инновациялык саясатты тγзγγ жана ишке ашыруу жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;
- Кыргыз Республикасынын илимий-инновациялык иштеп чыгууларынын динамикалуу ѳнγгγγсγнѳ кѳмѳктѳшγγ;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы региондук жана эл аралык кызматташтыктын ар тγрдγγ механизмдеринин ишин ѳз ара колдоо".
Ушул Протокол кол коюлган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2016-жылдын "___"
ноябрында. эки тγп нускада, ар бири кытай, кыргыз жана орус тилдеринде тγзγлдγ, мында бардык тексттер бирдей кγчкѳ ээ.
Чечмелѳѳдѳ пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз тарабы γчγн Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын тѳрагасы
Манас Абдыллабек уулу
| Кытай тарабы γчγн Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри
Ван И
|