Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-ноябры № 479-б
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин (КOIСА) ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине өзүнүн компетенциясынын чегинде жүктөлсүн.
2. КOIСА боюнча конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу тиешелүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана КOIСАга долбоордук билдирмелерди жөнөтүүнү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алгандыгы жөнүндө Корея Республикасынын Өкмөтүнө кабарласын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |