Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 31-октябры № 469-б
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун долбооруна принциптүү эмес өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай
Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы
Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты
бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (мындан ары - "Кыргыз тарабы") жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги (мындан ары - "Кытай тарабы") (чогуу алганда "Тараптар" деп аталат),
эки мамлекеттин башчылары тарабынан жетишилген соода-экономикалык макулдашууларды ишке ашыруу максатында,
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин бекемдөө боюнча өз ара кызыкчылыктарына таянып,
2014-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Улуу жибек жолунун экономикалык алкагын куруу боюнча биргелешкен кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы протоколдун ишке ашырылышын тереңдетүү ниетинде,
соода-экономикалык, инвестициялык, өндүрүштүк-техникалык чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Бул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун (мындан ары - "Меморандум") алкагындагы кызматташтык тең укуктуулук жана өз ара пайдалуу принциптеринин негизинде ишке ашырылат.
Тараптар эки өлкөдө туруктуу экономикалык өсүштү колдоого, эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды өстүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ишканаларынын өндүрүштүк кооперациясын бекемдөөгө бардык күч-аракеттерин жумшашат.
2-берене.
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин алкагында Тараптар экономикалык өнүктүрүү стратегияларын айкаштыруу, соода-экономикалык жана инвестициялык саясат боюнча маалымат алмашуу жаатында тармактык кызматташууну бекемдөөгө макулдашты.
3-берене.
Тараптар соода чөйрөлөрүн кеңейтүү, соода түзүмүн акырындык менен оптималдаштыруу жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу эки тараптуу сооданы туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Айыл чарба продукциясын жана техникасын алып-сатуу багытындагы кызматташтыкты бекемдөөнүн актуалдуулугун эске алуу менен, Тараптар өз компетенцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын жогорку сапаттагы айыл чарба жана тамак-аш продукцияларынын Кытай Эл Республикасына кирүүсүн тариздөө, чек аралык жана бажылык кароо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндө - кызматташтыкты бекемдөөгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар кыргыз айыл чарба продукцияларын Кытайда сунуштоо үчүн "Кытай-Евразия" ЭКСПО сыяктуу түрткү берүүчү иш-чараларга кыргыз ишканаларынын катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
1992-жылдын 14-майында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда капиталдык салымдарды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык, Тараптар эки өлкөнүн ишканаларынын эки тараптуу инвестицияларын кызыктырышат жана колдошот, ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын иш жүзүндө коргоо үчүн натыйжалуу чараларды көрүшөт.
Ысык-Көл инвестициялык форумун өткөрүү жана кыргыз инвестициялык уюмдарын Сямэнь соода-инвестициялык жармаңкеге катышууга дем берүү аркылуу, Кыргыз тарабы өзүнүн инвестициялык саясатын активдүү үгүттөйт жана кытай ишканаларынын инвестицияларын Кыргыз Республикасына тартуу үчүн перспективдүү долбоорлорду тартуулайт.
Тараптар кытай ишканалары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүүчү экономикалык зоналарды өнүктүрүүгө, экономикалык зоналарынын салыктык тарифтерин колдонуу, жылдык текшерүү жана контролдоо жол-жоболорун жеңилдетүү сыяктуу жеңилдетилген шарттарды берүү маселесин алдыга жылдырууга колдоо көрсөтүшөт.
Кыргыз тарабы өз компетенциясынын алкагында Хэнань жана Синьцзян-Уйгур автономдук райондору сыяктуу кытай провинциялары менен агрардык сектордогу кызматташтыкты чыңдайт.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында региондук өзгөчөлүккө жараша заманбап тамак-аш иштетип чыгаруучу өндүрүштү өнүктүрүүгө, эл аралык рынокко багытталган агрардык жана тамак-аш азыктарын иштеп чыгаруу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты алдыга жылдырууга ниеттенишет.
5-берене.
Кыргыз Республикасын индустриялаштыруу процессин тездетүү, эки өлкөнүн өз ара толуктоочу кызыкдар ишканаларынын ортосундагы көрсөтмө долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу аркылуу Тараптар өнөр жай кооперациясы боюнча иштерди улантуу, Кыргыз Республикасына кытайлык артыкчылыктуу өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана жогорку технологиялык товарларды тартууну илгерилетүү жөнүндө макулдашты.
6-берене.
"Түндүк-Түштүк" альтернативдүү автожолун, Ош шаарында оорукананы, кошумча кытай тилин окутуучу мектепти куруу, ошондой эле Бишкек шаарынын көчө-жол тармактарын реабилитациялоо жана Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын жакшыртуу сыяктуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу аркылуу Тараптар техникалык-экономикалык кызматташтыкты улантууну зарыл деп чечишти.
Кытай тарабы кайтарымсыз жардамдын алкагында ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу, ошондой эле жердин деградациясын жана чөлдөөсүн болтурбоо жана ага каршы күрөшүү боюнча көрсөтмө долбоорлору сыяктуу айыл жана токой чарбасындагы долбоорлорго артыкчылыктуу көңүл бурат.
Кыргыз тарабынын керектөөсүнө жана талабына ылайык Кытай тарабы мамлекеттик кызматчыларды кайра даярдоо жана эксперттерди окутуу максатында көп тараптуу жана эки тараптуу, анын ичинде соода жол-жоболорун жеңилдетүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана ишкердикке жагымдуу шарт түзүү маселелери боюнча ШКУнун алкагында уюштурулуучу семинарларды санын көбөйтөт.
7-берене.
Бул Меморандумдун жоболорун колдонууга жана чечмелөөгө байланыштуу пайда болуучу бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда достук консультацияларды жүргүзүү аркылуу чечилет.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу менен зарылдыгына жараша бул Меморандумга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизиши мүмкүн, алар бул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана бул Меморандумдун 10-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
9-берене.
Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш (5) жыл бою колдонулат.
Бул Меморандум Тараптардын бири анын колдонулушун токтотуу тууралуу өз ниетин экинчи Тарапка отуз (30) күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирбесе колдонулушун улантат.
Бул Меморандумга 2016-жылдын "__"-ноябрында Бишкек шаарында бирдей күчкө ээ болгон эки нускада ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде кол коюлду,
Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгондо Тараптар орус тилиндеги тексти колдонушат.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги үчүн |
__________________________________ |
| _____________________________________ |
А.О.Кожошев |
| Гао Хучэн |
|
|
|