Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 31-октябры № 468-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алмашуу катынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда көрсөтүлгөн алмашуу катына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
Улуу Даражалуу,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан төмөнкүдөй мазмундагы Сиздин катыңыз алгандыгын ырастайм:
"Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу техника-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык достук маанайдагы талкуудан кийин эки Тарап төмөнкүлөр жөнүндө макулдашкандыгын ырастайм:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү "локализация" модели боюнча "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорун (мындан ары - Долбоор) ишке ашырууга макулдугун берген. Долбоорду ишке ашыруунун негизги мазмунун узундугу 38 км болгон Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун 23 көчө участогунун (анын ичинен Шабдан Баатыр көчөсү ж.б.) жол катмарын калыбына келтирүү түзөт,
2. Кытай тарабы Долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды бөлүү, тышкы көзөмөл жүргүзүү жана каражаттарды башкаруу максатында Долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясын жөнөтүү боюнча милдеттерди өзүнө алат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай тарабынан берилген каражат 187 миллиондон ашпаган кытай юанын түзөт. Долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясынын тийиштүү чыгымдары 5,73 миллиондон ашпаган кытай юанын түзөт. Долбоорду ишке ашыруу боюнча жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдар Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө 2014-жылдын 17-июлундагы макулдашууда каралган акысыз жардамдан төлөнөт.
3. Кыргыз тарабы Долбоорду ишке ашырууну уюштуруу жана Долбоорду ишке ашырууну көзөмөлдөө үчүн уюмду өз алдынча жөнөтүү, тендер өткөрүү аркылуу Кытай тарабы сунуштаган кытай ишканаларынын арасынан Долбоорду ишке ашыруу үчүн аткаруучу компанияны аныктоо, долбоордук документтерди түзүү боюнча милдеттемелерди өзүнө алат. Долбоордук документтерди даярдоо, тендерди уюштуруу, көзөмөлдөө үчүн уюмду жөнөтүү ж.б. боюнча тийиштүү чыгымдарды Кыргыз тарабы жабат. Тендер аяктагандан кийин Кыргыз тарабы тендерде жеңип чыккан кытайлык аткаруучу компания менен курулуш жөнүндө контракт түзөт. Эгерде долбоорду ишке ашыруу боюнча чыгымдар контракттан жалпы суммасынан ашып кетсе, кошулган сумманы Кыргыз тарабы жабат. Долбоорду аяктоого жана кабыл алууга чейин Кыргыз тарабы "Кытайдын жардамы" деген белгилерди коюп, кытай тарабы менен үгүттөө боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүгө жардам көрсөтүшү керек.
4. Долбоорду башкаруу боюнча кытайлык компания Долбоордун тендери, курулуш иштери, финансылык каражаттарды которуу боюнча зарыл болгон көзөмөлдү жүргүзүү боюнча милдеттемелерди өзүнө алат. Кыргыз тарабы Долбоордун графигинин негизинде каражаттарды которууга табыштама берет. Долбоорду башкаруу боюнча кытайлык компания табыштаманы ырастагандан кийин Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү сумманы Кытай тарабынын аткаруучу компаниясынын улуттук эсебине түздөн-түз которот. Кытай Өкмөтү Долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясынын тийиштүү чыгымдарын бир төлөм менен жүргүзөт.
5. Макулдашуунун 9 жана 10-беренелерине ылайык Кыргыз тарабы Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн кытайлык аткаруучу компанияны жана анын персоналын киреше салыгын, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотот жана жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле Долбоорду ишке ашыруу жана Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө кытай персоналы тарабынан тиричилик колдонуу үчүн алып келинген товарлардан алымдарды, салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөдөн бошотот.
6. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан конкреттүү маселелер Эки тараптан дайындалган органдар ортосунда Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө кошумча Протоколдо каралат.
Эгер Сиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда баяндалгандарды жооп кат менен ырастай турган болсоңуз, Улуу Даражалуу Сиздин, ушул жана жооп катыңыз Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзөт.
Терең урматтоо менен,".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуу Даражалуу Сиздин катыңыздын жогоруда баяндалган текстине макул экендигин ырастайм.
Ушуга байланыштуу, Улуу Даражалуу Сиздин катыңыз жана ушул жооп кат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну бирге түзөт.
Терең урматтоо менен,