Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 6-т, 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемелерине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 3-марты № 60-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-августундагы № 297-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын (мындан ары - Мамлекеттик программа) экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн сунуштарды даярдоо максатында:
1. Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн сунуштарды даярдоочу ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө жогоруда аталган Мамлекеттик программанын биринчи этабын пландаштыруудагы кемчиликтерди эске алуу менен Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматкерлерин жана адистерин ишке тартууга укук берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн сунуштарды даярдоочу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-августундагы № 297-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.