Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-майы ПБ № 145
Кыргыз Республикасынын сот реформасынын укуктук негиздерин калыптандыруу жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишке жигердүү катышкандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлансын:
Асаналиев Тилек Асаналиевич
| - Кыргызстан Эл аралык университетинин окуу-илимий өндүрүштүк комплексинин юридикалык жактар бирикмесинин координациялык кеңешинин төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор; |
Воронцова Ирина Николаевна
| - Бишкек шаардык сотунун төрагасы;
|
Джаманкулов Марат Тургунбаевич
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын кеңешчиси; |
Исабаев Санжар Мамадиярович
| - Бишкек шаардык сотунун судьясы;
|
Керезбеков Канат Керезбекович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
|
Кулжабаев Марат Жусупович
| - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруучулук жактан камсыз кылуу жана ченемдик-укуктук актыларды экспертизалоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Медеров Азирет Баратович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
|
Сатарова Айнура Мелисовна
| - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы;
|
Сулайманова Назгуль Назарбековна
| - Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин жазык укугу жана криминология кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент;
|
Оскомбаев Азат Кубанычбекович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын экс-орун басары, Чүй облусунун прокурору.
|
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |