Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 21-июлу № 487
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында газ куюу станциясындагы жарылуунун кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Окмөтүнүн Иш башкармасына 300 000 (үч жүз миң) сом бөлүнсүн, анын ичинен:
- каза болгон Буторин Владимир Николаевичтин үй-бүлөсүнө -50 000 (элүү миң) сом;
- каза болгон Буторин Денис Владимировичтин үй-бүлөсүнө - 50 000 (элүү миң) сом;
- каза болгон Бейшекеев Абдыбек Асанбековичтин үй-бүлөсүнө -50 000 (элүү миң) сом;
- каза болгон Бориско Виктор Владимировичтин үй-бүлөсүнө -50 000 (элүү миң) сом;
- каза болгон Аширов Бактыбек Табылбековичтин үй-бүлөсүнө -50 000 (элүү миң) сом;
- Муканов Уланбек Эркиновичке - 10 000 (он миң) сом;
- Махунов Нурбек Алимовичке - 10 000 (он миң) сом;
- Жанеков Субан Карымшаковичке - 10 000 (он миң) сом;
- Байбалаев Кубанычбек Маликовичке 10 000 (он миң) сом;
- Токтахунов Абдурахим Асанжановичке - 10 000 (он миң) сом.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |