Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-августу № 355-б
1. Минск шаарында 1995-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катташ жөнүндө макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Минск шаарында 1995-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катташ жөнүндө макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтү мындан ары Келишим түзүп жаткан Тараптар деп аталып,
1995-жылдын 14-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катташ жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында,
эки мамлекеттин ортосундагы автомобилдик каттамдарды андан ары өнүктүрүүгө умтулууларын билдирүү менен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 1-статьясы "Беларусь Республикасынын ортосунда" деген сөздөрдөн кийин, ", ошондой эле үчүнчү мамлекеттерге же үчүнчү мамлекеттерден" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Макулдашуунун 5-статьясынын 1-пунктундагы "Келишим түзүп жаткан Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда же алардын территориясы аркылуу транзиттик" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
1. Макулдашуунун 6-статьясынын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "к" пунктчасы менен толукталсын:
"к) Келишим түзүп жаткан Тараптардын мамлекеттеринин аймактарынын ортосунда, алардын аймагы аркылуу транзит менен, ошондой эле экинчи Келишим түзүп жаткан Тараптын аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына же үчүнчү мамлекеттин аймагынан Келишим түзүп жаткан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына үчүнчү мамлекет Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болгон шартта".
2. Макулдашуунун 6-статьясынын 2-пункту ''жардам көрсөтүүчү автомобилдердин" деген сөздөрдөн кийин "жана бош автотранспорт каражаттарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Макулдашуунун 7-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья
1. Уруксат календардык жыл ичинде жана кийинки жылдын 31-январына чейин жарактуу. Кошумча уруксаттар Келишим түзүп жаткан Тараптардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарылдыкка жараша эки тараптын макулдашуусунун негизинде берилет.
2. Уруксат бир автотранспорт каражатына жана бир гана жүк ташуучуга берилет, башкага өткөрүп берүүгө болбойт.".
5-берене.
Макулдашуунун 9-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья
Ташуучуга экинчи Келишим түзүп жаткан Тараптын мамлекетинин территориясында жайгашкан эки пункттун ортосунда жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташууга уруксат берилбейт, эгерде Евразия экономикалык бирлигинин укугунда башкача белгиленбесе.".
6-берене.
Макулдашуунун 12-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья
Келишим түзүп жаткан Тараптардын мамлекеттеринин территорияларынын ортосунда, ошондой эле алардын территориясы аркылуу транзит менен Келишим түзүп жаткан Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамы, ошондой эле Бажы бирлигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин жана (же) Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук базаларын түзгөн эл аралык келишимдер жана актылар менен чек ара аркылуу өткөрүүгө тыюу салынган куралдарды, ок-дарыларды, аскердик жабдууларды жана башка товарларды ташууга тыюу салынат.".
7-берене.
Макулдашууну колдонуу тууралуу Аткаруу протоколунун 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аталган Макулдашуунун маңызында "компетенттүү органдар" деп төмөнкүлөр түшүндүрүлөт:
Кыргыз Республикасынын атынан:
а) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги;
б) 8-статья боюнча - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, тиешелүү бөлүгүндө;
в) 14-статья боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, тиешелүү бөлүгүндө.";
Беларусь Республикасынын атынан:
а) Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
б) 8, 14-статьялар боюнча - Беларусь Республикасынын Ички иштер министрлиги, тиешелүү бөлүгүндө;
в) 8-статья боюнча - Беларусь Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, тиешелүү бөлүгүндө.".
8-берене.
Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Келишим түзүп жаткан Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
__________________ шаарында "__" _____________ 20__-жылы, эки нускада, ар бири кыргыз, беларусь жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн |