Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-августу № 363-б
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерин караган ведомстволорунун жетекчилеринин тогузунчу кеңешмесин өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерин караган ведомстволорунун жетекчилеринин тогузунчу кеңешмесин 2017-жылдын 23-25-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында уюштурсун жана өткөрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин 2017-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде өз убагында каржыласын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегацияларын Патрулдук милициянын башкы башкармалыгынын атайын автотранспорту менен коштоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |