Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-августу № 381-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
эл аралык укуктун жана эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарынын ченемдерине негизденүү менен,
билим берүү жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулуудан улам,
жогорку билим берүү жаатындагы кызматташуу элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөөрүн божомолдоо менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар төмөнкүдөй багыттарда кызматташууну жүзөгө ашырышат:
- Тараптардын мамлекеттеринде билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлгөн билим берүү системасы жана реформалар жөнүндө маалымат алмашуу;
- окутуучу, педагогикалык жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди алмашуу;
- билим берүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү.
2-берене.
Тараптар окутуучуларды жана адистерди, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүшөт, Тараптар аларды ишке ашыруу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар уюмдарынын ортосунда түздөн-түз келишимдерди түзө алышат.
3-берене.
Тараптар билим берүү жана илим багытында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү максатында студенттер, окутуучулар жана изилдөөчүлөр, билим берүү жана илимий делегациялар менен өз ара алмашууну колдошот.
4-берене.
Ар бир Тарап экинчи Тараптын жарандары анын тили, маданияты, улуттук тарыхы, адабияты, географиясы, каада-салты менен таанышууга мүмкүндүк берүүчү шарттарды түзүүгө умтулушат.
5-берене.
Тараптар бул Макулдашууну жүзөгө ашырууга жооптуу болгон төмөнкүдөй аткаруу органдарын дайындашат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Өзбекстан Республикасынын жогорку жана орто атайын билим берүү министрлиги.
6-берене.
Окутуу жана алмашуу боюнча финансылык жана башка шарттар сүйлөшүү, расмий түрдө кат алмашуу же ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдорду иштеп чыгуу жана кол коюу жолу менен аныкталат.
7-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин билим берүү жөнүндө документтерди таануу маселелери боюнча маалымат алмашууга жана консультацияларды жүргүзүүгө Тараптар көмөк көрсөтүшөт.
8-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын алар катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 12-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
10-берене.
Ушул Макулдашууда каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
11-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдөгү же колдонуудагы пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультациялар же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
12-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин Тараптардын бири кезектеги беш жылдык мезгилдин мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай мурда экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу боюнча өзүнүн ниетин дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирбесе, ушул Макулдашуунун колдонулушунун мөөнөтү кезектеги беш жылдык мөөнөткө өзүнөн-өзү узартылат.
_____________________ шаарында 2017-жылдын "___" _________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер жаралган учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |