Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 5-октябры № 458-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "ИБМ Чыгыш Европа/Азия" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы 2017-2025-жылдардын мезгилине жана узак мөөнөттүү келечекке "Таза Коом 2040" Санариптик трансформациялоо боюнча улуттук программанын "жол картасын" кылдат иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана узак мөөнөттүү туруктуу башкаруу системасын түзүү боюнча биргелешкен өнөктөштүк чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасына аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |