Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2017-жылдын 22-майы № 71
Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарына карата "НААР" жоопкерчилиги чектелген коомунун арызын кароо максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарына карата "НААР" жоопкерчилиги чектелген коомунун арызын объективдүү жана ар тараптуу карасын жана жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине маалымат берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда, белгиленген тартипте министрликтердин жана административдик ведомстволордун эксперттерин жана тийиштүү адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтер жана административдик ведомстволор иш үчүн зарыл болгон суралуучу маалыматты ведомстволор аралык комиссияга беришсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
А.Ш.Осмоналиев
|
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Аалиев Азиз Кубанычбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
|
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Салиев Алмамбет Абдимиталипович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун |
Орозов Бактияр Сайпидинович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Борубеков Бакытбек Сражидинович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти; |
Асанакунов Самат Имангазиевич
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн эксперти; |
Болотбеков Самарбек Болотбекович
| Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Бейшекеев Тойчубек Муратбекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) оперативдүү башкармалыгынын оперативдүү бөлүмүнүн начальниги.
|