Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-октябры № 501-б
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринде товарлардын бажылык наркын аныктоо жана контролдоо үчүн зарыл болгон маалымат алмашуу тууралуу макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасына аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |