Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-апрели № 112-б
Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнундө макулдашуунун (Атайын операциялар) (БАРЭК-3 коридорун (Бишкек-Ош автожолу) өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) шарттарын аткаруу максатында:
1. БАРЭК-З коридорун (Бишкек-Ош автожолу) өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза, Бишкек - Кара-Балта участогу боюнча жерлерди алып коюу жана көчүрүү боюнча расмий тилде тиркелген план көнүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу менен каралган гранттык каражаттардын алкагында Бишкек - Кара-Балта автожолунун участогунда Долбоордун таасирине кабылган адамдардын мүлкүнө жана/же киреше булактарына акчалай компенсация төлеөнү камсыз кылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |