Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 15-ноябры № 526-б
2006-жылдын 12-январында Астана шаарында кол коюлган Евразия өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашуу менен бекитилген Евразия өнүктүрүу банкынын Уставынын 14-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине - Евразия өнүктүрүү банкынын (мындан ары - Банк) Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө Банктын уюштуруучуларынын сунушу боюнча Банктын башкармасынын торагасы кызматына дайындоо жана бошотуу маселелери боюнча добуш берүүдө ыйгарым укуктар берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү ыйгарым укуктарды алуу жөнүндө Банкка билдирүү жиберсин,
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |