Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 11-январы № 6-б
"Таза Коом" Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу, чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу, жол-транспорт кыймылынын интеллектуалдуу системасын өнүктүрүү, ошондой эле калктын коопсуздугун жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Huawei Technologies Co., Ltd" компаниясы, "Beijing China Veterans Lingxin Capital Management" компаниясынан жана "AKA минералз энд майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунан түзүлгөн инвесторлордун консорциумунун ортосундагы "Акылдуу шаар" инвестициялык Долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилдеги долбоору (мындан ары - Макулдашуу) тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директоруна жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик мекемеси ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Долбоордун оператору катары аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик мекемеси аталган Макулдашуу колдонулган мөөнөткө карата инвесторлордун пайдасына Кыргыз Республикасынын финансы мекемелеринин чакырып алынбоочу банктык кепилдигин берсин.
Премьер-министр |
| С.Дж. Исаков |