Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-июлундагы №77-р тескеменин редакциясына ылайык)

2018-жылдын 5-февралы № 42-б

Кыргыз Республикасын Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) "Дубай ЭКСПО-2020" дүйнөлүк көргөзмөгө даярдоо жана катыштыруу боюнча иштерди уюштуруу максатында:

1. Кыргыз Республикасын Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) "Дубай ЭКСПО-2020" дүйнөлүк көргөзмөгө даярдоо жана катыштыруу боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Уюштуруу комитети төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:

- 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасын Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) "Дубай ЭКСПО-2020" дүйнөлүк көргөзмөгө (мындан ары - Дүйнөлүк көргөзмө) катыштыруу концепциясын;

- Кыргыз Республикасын Дүйнөлүк көргөзмөгө даярдоо жана катыштыруу боюнча иш-чаралар планын.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кошумча бөлүнгөн финансылык каражаттардып эсебинен дүйнөлүк көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын экспозициясын жана катышуусун уюштуруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5 июлундагы №77-р тескеменин редакциясына ылайык)

4. Баардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча функцияларды тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуу боюнча) көргөзмөнүн улуттук оператору болуп аныкталсын.

5. Дүйнөлүк көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын экспозицияларынын башкы комиссары болуп Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча) дайындалсын жана ага эл аралык пландагы кеңешмелерге Дүйнөлүк көргөзмө өткөрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары катышуу укугу берилсин.

6. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.

7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Дүйнөлүк көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын атынан катышкан адамдарга визалык колдоо көрсөтсүн.

8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасын Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) "Дубай ЭКСПО-2020" дүйнөлүк көргөзмөгө даярдоо жана катыштыруу боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарындагы башкы консулу;

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы (макулдашуу боюнча