Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

2018-жылдын 8-январы № 10

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын 2-кадамын - "Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону" ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу жана функциясын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин системасын реформалоо тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык комиссия:

- бир айдын ичинде төмөнкүлөрдү талдоо боюнча ишти жүргүзсүн:

Мамлекеттик функцияларды рационалдуу бөлүштүрүүнү жана ишке ашырууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүнүн жана системасынын оптималдуулугун;

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын;

- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын 10 пайыздан кем эмес кыскартылышын караштырып киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кошумча чыгымдарын төмөндөтүү максатында ведомстволор аралык комиссиянын тиешелүү мамлекеттик органдардын штаттык санын жана башкаруу түзүмдөрүн оптималдаштыруу боюнча ишин аяктаганга чейин мамлекеттик органдардын бардык түзүмү боюнча бош кызмат орундарына адамдарды алуу боюнча чараларды көрбөө сунушу берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун статс-катчылары:

- он күндүн ичинде төмөнкүлөргө талдоо жүргүзүшсүн:

а) өткөн мезгилдеги ишинин жыйынтыктарын эске алуу менен квалификациялык жана кесиптик талаптарга ылайык келиши боюнча административдик персоналдын (мамлекеттик жана башка кызматчылардын) сапаттык курамына;

б) мамлекеттик жана башка кызматтар боюнча бош кызмат орундарынын болуу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен борбордук, ведомстволук жана аймактык деңгээлдерде мамлекеттик органдын бардык системасы боюнча бош кызмат орундардын болушуна;