Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

2018-жылдын 16-майы № 345

2018-жылдын 21-25-майында Нанкин шаарында (Кытай Эл Республикасы) өтө турган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАГ) 28-пленардык жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

2018-жылдын 21-25-майында Нанкин шаарында (Кытай Эл Республикасы) өтө турган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун 28-пленардык жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Кадыралиев Айбек Джумабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Абиров Мыктыбек Медетбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Бейшеналиева Бактыгуль Айыповна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инспекциялоо башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

Лелевкина Эвелина Валерьевна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

Зулпуев Эмир Абдиманнапович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Клочкова Татьяна Юрьевна

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин байланыш жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана лицензиялык контролдоо башкармалыгынын начальниги;

Пирназаров Нурлан Бегматович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин сот актыларынын аткарылышын камсыздоо башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

Кененбаев Чынгыз Токтобекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

Бейшеев Эрмек Законович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инспекциялоо башкармалыгынын айрым операцияларды экспертизалоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Стамалиев Талантбек Асаналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын мамлекеттик сектор бөлүмүнүн башчысы;

Мамыров Талантбек Шамшыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн улук прокурору (макулдашуу боюнча);

Ниязбеков Нурлан Джумаканович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери;

Сарбагишев Данияр Асанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы инспектору;

Шабданалиев Куват Токтобекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын юридикалык бөлүмүнүн башкы инспектору.