Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 5-июлу № 238-б

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 96-б буйругунун редакциясына ылайык)

Жарандарды аскердик каттоого коюуда, аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууда үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан медициналык күбөлөндүрүү системасын уюштуруунун моделин апробациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- 2018-жылдын 1-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунда жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө убактылуу жобону иштеп чыгышсын жана биргелешкен буйрук менен бекитишсин;

- 2018-жылдын 15-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлерин/жалпы практикадагы дарыгерлерин жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууда медициналык күбөлөндүрүүнүн клиникалык жана уюштуруу маселелери боюнча окутушсун;

- 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 30-ноябрына чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунда үй-бүлөлүк дарыгерлердин/жалпы практикадагы дарыгерлердин катышуусу менен жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууда медициналык күбөлөндүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырышсын;

- пилоттук долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүшсүн;

- натыйжалар жакшы болгон учурда, 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында үй-бүлөлүк дарыгерлердин/жалпы практикадагы дарыгерлердин катышуусу менен жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууда медициналык күбөлөндүрүү боюнча пилоттук долбоорду жайылтуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 96-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунун мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге 2018-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө үй-бүлөлүк дарыгерлер/жалпы практикадагы дарыгерлер, калк арасында жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууда медициналык күбөлөндүрүү боюнча түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзүшсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев