Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 2-июлу ПБ № 151
Кыргыз Республикасында исламдык банк ишин жана каржылоону киргизүү тууралуу 2006-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында, аталган Меморандумдун IV беренесине ылайык:
1. Кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынан мүчө катары Жетектөөчү комитеттин төмөнкүдөй курамы дайындалсын:
- финансы секторуна кураторлук кылган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
- банк секторун көзөмөлдөөгө кураторлук кылган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү;
- эл аралык финансылык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө кураторлук кылган Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-майындагы № 67 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Ш.Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 2-июлу ПБ № 151
(КР Президентинин 2018-жылдын 12-декабрындагы ПБ № 308 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында исламдык банк ишин жана каржылоону киргизүү тууралуу 2006-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында, аталган Меморандумдун IV беренесине ылайык:
1. Кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынан мүчө катары Жетектөөчү комитеттин төмөнкүдөй курамы дайындалсын:
- финансы секторуна кураторлук кылган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
- банк секторун көзөмөлдөөгө кураторлук кылган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары/башкармасынын мүчөсү;
- эл аралык финансылык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө кураторлук кылган Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
(КР Президентинин 2018-жылдын 12-декабрындагы ПБ № 308 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-майындагы № 67 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш.Жээнбеков |