Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 1-августу № 316-б
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкүлөр (расмий эмес котормо) жактырылсын:
- "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын нотасынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган жооп нотага жана Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |