Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-апрели № 107-б
Иран Ислам Республикасынын Гранттык жардамынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Ош шаарында спорт комплексин өз убагында долбоорлоо жана куруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2012-жылдын 10-июлунда Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна жогоруда аталган Меморандумдун белгиленген шарттарына ылайык контрактка (келишимге) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |