Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-августу № 299-б
Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын мунай газ жана мунай иштетүү тармагындагы учурдагы кырдаалга, аталган тармактарды, анын ичинде "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомун өнүктүрүүгө инвестиция салууга ниети бар компаниялардын сунуштарына талдоо жүргүзсүн;
- 2018-жылдын 20-сентябрына чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарынын негизинде:
Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
потенциалдуу инвесторлор менен кызматташуу боюнча жол картасынын долбоорун түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарылдыгына жараша министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттердин кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Рыскулов Уланбек Дуулатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кемелова Динара Амантуровна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Абакиров Элдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Адылбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору; |
Абиров Мыктыбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Бостонов Рашид Абдумаликович | - | "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Султанов Бекболот Мырзакматович | - | "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча). |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-августу № 299-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 402-б, 2019-жылдын 1-мартындагы № 39-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын мунай газ жана мунай иштетүү тармагындагы учурдагы кырдаалга, аталган тармактарды, анын ичинде "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомун өнүктүрүүгө инвестиция салууга ниети бар компаниялардын сунуштарына талдоо жүргүзсүн;
- 2019-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарынын негизинде:
Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
потенциалдуу инвесторлор менен кызматташуу боюнча жол картасынын долбоорун түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 402-б, 2019-жылдын 1-мартындагы № 39-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарылдыгына жараша министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттердин кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 402-б, 2019-жылдын 1-мартындагы № 39-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Осмонбетов Эмиль Кубатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Ниязалиев Нуран Садырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Абакиров Элдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Сагынбаев Жиргалбек Калмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |