Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2018-жылдын 30-августу № 558
Залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржылансын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: