Редакцияот 19.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2018-жылдын 19-ноябры № 692

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

Усабаев Акылбек Сатвалдиевич

-

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын "Ак-Алтын" үрөнчүлүк кооперативинин жетекчиси;

Тууганбаева Бүбүкан Мухамировна

-

Талас облусунун Талас шаарынын "Озон-Ата" сыр өндүрүүчү заводунун башкы технологу.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Алыбаев Кенжебек Мадылбековичке

-

Чүй облусунун Жайыл районунун "Багышан" үрөнчүлүк агрофирмасынын башкы директору;

Акматов Бакыт Таштанбековичке

-

Чүй облусунун Аламүдүн районунун "Ажы" дыйкан чарбасынын төрагасы.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев